Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 12:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров абакта отургандан да жаман эзилүүдө

15.02.2021 08:50
479
Садыр Жапаров абакта отургандан да жаман эзилүүдө

 

Мага байланыша албай калып, же кызматка илинбей калып таарынган мекенчилдер, эми......

 азыр таарынса таарынып турушсун, эмне кылайын эми...

...... бирок бир эки жылдан соң алар мага рахмат айтышат......" деп Садыр Жапаров туңгуюктатып айтты...

Эми анализдеп сөз төркүнүн түшүнүңүздөр таарынып жаткандар....

Системаны талкала деп өзүбүз суранганбыз...


Системаны ким кандай түшүнөт?  Мен мисал үчүн ыпыластык деп түшүнөм. Ыпылас дүйнө...


Ал ыпыластардын аркасында андан өткөн ыпыластар.... 


Ошол ыпыластарга аралашып ылайлангандан көрө таптаза отура турбайсыздарбы? Пендечилике алдырып бет кабыңарды бат эле сыйрып ыргытып жаман көрүнбөй...


Мейли да....


Ыпылас системаны ыпыластардын ылайланган колу менен тазалап алсын...


"Твой Садыр Жапаров когда увидел весь этот кошмар сам не рад был наверное ха ха ха ..... " деген эле бирөөлөр...


Садыр Жапаровдун додо додо алтыны жок болсо, АШАныкындай колдоочу атасы жок болсо бир гана ишенген эли жана мекенчилдери бар экен. Түшүнгөндөргө. Азыр Садыр Жапаров абакта отургандан да жаман эзилүүдө. Оңго бурсаң өзүң өлөсүң, солго бурсаң атың өлөт болуп...


Ага кошулуп майда барат Алиге окшогон калп патриоттор, тиги кызыл шапкечендер, 120 кнопка баскычтар, он жылда каптап кирип жылаандын уюгундай уюктарды орнотуп алган ар кандай жүздөгөн уюмдар.....ээх айтор....


Эми ага кошулуп "Садыр" деп бакырып жаткандардын арасындагы "тарсылдап"  жарылып жаткан сапатсыз лампочкалар. Жакшылап ойлонсоңуздар,  ар бир сап ондогон кулач пост камтыган ушул жалгыз пост. Келгиле,  Садыр Жапаров өзү сурангандай КОЛУНА КОЛ, БУТУНА БУТ БОЛОЛУ. Түптүз түшүнүп албай, көмүскөсүн түшүнөлү.


Бу демек "тынч, сабырдуу, аягына чейин колдоп бергиле" дегени. Ал эми колдобогондор ойду тоону жаза беришсин, алардын тили эки кулач болсо эмне кылалы....


Бактыгүл Иманбек кызы


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн