Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров америкалык ири финансылык жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

22.09.2023 09:00
254
Садыр Жапаров америкалык ири финансылык жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йорк шаарына (АКШ) болгон иш сапарынын алкагында америкалык ири финансылык жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга финансылык кызматтарды көрсөтүү, консалтинг, инвестицияларды башкаруу, инновациялык финансылык чечимдер чөйрөсүндөгү алдыңкы компаниялардын жетекчилери катышты.

Атап айтканда — “Oppenheimer” (50 жылдан ашык иш тажрыйбасы жана башкарууда 37 млрд АКШ долларды түзгөн активдери бар), “Fidelity Investments” (2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жүгүртүүсү 25,2 млрд долларды түзгөн брокердик ишмердүүлүк), “Mirae Global Asset Investments” (глобалдык масштабда 2020-жылдын декабрына карата топтун жалпы кардар активдери 550 млрд АКШ долларын ашат), “Delphos International” (эл аралык консалтинг компаниясы түзүлгөндөн бери 80ден ашуун өлкөдө кардарларынын операциялары үчүн 20 миллиард доллардан ашык атаандаштыкка жөндөмдүү капиталды чогулткан.) компаниялары жана башкалар.

Мамлекет башчысы алар менен болгон маегинде бүгүнкү жолугушуу тараптар ортосундагы мындан да тыгыз өз ара аракеттенүүнү баштайт деген ишенимин билдирди. Иштеп жаткан компаниялар өз тармагында уникалдуу ийгилик таржымалына, эбегейсиз инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө жана инвестициялоо үчүн олуттуу потенциалга ээ.

Президент жолугушууга катышкан компаниялардын Кыргызстандын инвестициялык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга болгон умтулуусун канааттануу менен баалады.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, бул иш-чаранын негизги максаты -Кыргызстандын чоң инвестициялык потенциалы, кеңири инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өлкөдө ишке ашырылып жаткан учурдагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берүү болуп саналат.

Мамлекет башчысы өлкөдө бизнести ыңгайлуу жүргүзүү үчүн бардык шарттарды түзүү жана жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча кыргыз тараптан аткарылып жаткан иштерди белгиледи. Бул маселеге мамлекет комплекстүү, ырааттуу мамиле жасап, өзүнүн алдында стратегиялык максат катары жаңыланган жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнү аныктаган.

Президент катышуучулардын көңүлүн Кыргызстан олуттуу жаратылыш байлыктарына, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин ири запастарына, ошондой эле квалификациялуу жумушчу күчкө ээ экендигине бурду.

Бул контекстте жашыл экономика, гидроэнергетика, IT-технология, жумуш менен камсыз кылуу жана билим берүү сыяктуу негизги багыттар боюнча америкалык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташуунун аспектилери деталдуу түрдө ачылган презентация жасалды.

Америкалык компаниялардын жетекчилери кызматташтыктын потенциалдуу чөйрөлөрүнө кызыгып, өлкөгө инвестиция салуу мүмкүндүгүнө байланыштуу суроолорду беришти.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров аларды биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырып, жумшалган инвестициялардын толук коопсуздугуна кепилдик берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн