Өткөн жума күнү президенттикке талапкер Садыр Жапаров учурда сунушталган жаңы Баш мыйзамдын долбооруна каршы чыккан “ана башчынын” жүзүн дүйшөмбү күнү ача турганын билдирген.
“Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам. Бул Баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам", - деп жазган Садыр Жапаров социалдык баракчасы аркылуу.
Жапаровдун бул кайрылуусунан кийин көпчүлүк бүгүн ал тарабынан олуттуу билдирүү болорун күтүп жатат. “Ана башчы” ким деп баш катыргандар да басымдуу. Аны өз алдынча жоромолдоп, ар кайсы саясатчылардын атын атагандар да бар. Бүгүн дүйшөмбү, Садыр Жапаров айткан күн келди. “Ана башчынын” жүзү саат канчада ачылат болду экен?...
Пикирлер (2)