Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 01:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров атасынын Кытайда жашаганы боюнча айтты

26.02.2021 15:08
1572
Садыр Жапаров атасынын Кытайда жашаганы боюнча айтты

Садыр Жапаров «Российская газетага» берген маегинде атасынын Кытайда жашаганы боюнча айтып берди.


Сиздин атаңыз Кытайда узак убакыт жашаган деп окудум, бул чынбы? Сиз өзүңүз кытай тилин үйрөнүүгө аракет кылган жоксузбу?


— 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытай тарапка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин, 30 жашында, 60-жылдары атам ата-бабаларыбыздын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген.


Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп келген аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан, атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыздар жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин өзгөчө белгилегим келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн