Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 07:54
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Садыр Жапаров бизнес үчүн кайтарымсыз берилген 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөрдөн кабар алды

25.04.2023 17:02
375
Садыр Жапаров бизнес үчүн кайтарымсыз берилген 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөрдөн кабар алды

Президент Жапаров бүгүн, 25-апрелде, күтүүсүздөн барып, «Социалдык контракт» программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн текшерди.


Мамлекет башчысы Чүй облусундагы бир катар үй-бүлөлөрдү кыдырып, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын кандай пайдаланылып жатканынан жеке өзү кабар алды.


Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда каражат даректерине толук жетип жатабы, алар чындап эле чакан ишкерликке багытталуудабы - мына ушуларды сурап, каражат алган үй-бүлөлөр бул программанын алкагында иш жүзүндө кандай пайда көрүп жатканына кызыкты.


Жергиликтүү тургундар бул каражатка негизинен тигүүчү машиналарды жана мал сатып алып, ай сайын киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын айтып беришти. Ошентип, алар өз аймагында чакан бизнес ачып, үй-бүлөсү үчүн киреше алуучу булак жаралганын белгилешти.


“Социалдык контракт” долбоору Президент Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылууда. Ага ылайык, аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат кайтарымсыз берилет.


Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каржылык сабаттуулукка үйрөтүп, бизнес-план түзүүгө жардам берип, узак мөөнөттүү бизнести ийгиликтүү жүргүзүү боюнча кеңештер берилет.


Алсак, 2022-жылы бул долбоордун алкагында 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген.


2023-жылы 8 миңден ашык үй-бүлөгө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилди. Быйыл өлкөнүн бардык аймактарынан аталган долбоорго жалпысынан 10 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтуу пландалууда.


Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Бектур кызы Жылдыз
Маалымат берип коюнуздарчы тел номер 222 141 923
Бектур кызы Жылдыз
Саламатсызбы 100мин алганмын магазин ачканмын дагы 200жузмин пайызсыз кантип алам витринный холодильник ке дагы коп нерсеге акча жетпей жатат 4балам бар учурда куйом дагы иштебей жатат ошого магазинди дагы дагы товар кобойтуш керек болуп жатат маалымат берип коюнуздарчы
Бектур кызы Жылдыз
Саламатсызбы 100мин алганбыз бизнес баштаганбыз магазин ачып дагы 200жузмин ди кантип алсак болот пайызсыз чонойтуп ала турган нерселерди алыш керек болуп жатат холодильник витринный