Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров чукул кайрылуу жасады. Анда эмне деди?

02.04.2021 17:36
2746
Садыр Жапаров чукул кайрылуу жасады. Анда эмне деди?


Президент Садыр Жапаров Россияга үзгүлтүксүз аба каттамдарынын санын көбөйтүү боюнча Telegram-каналы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады. Төмөндө президенттин кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз:

"Достор!


Россияга учкан үзгүлтүксүз аба каттамдардын саны жана авиабилеттердин баасы боюнча түзүлгөн кырдаалды жеке көзөмөлүмө алгам. Албетте маселе татаал, бардыгы бизден гана көз каранды эмес, бирок биз бул кырдаалдан чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келе жатабыз.


Россияга иштеп келүүгө жол таба албай жаткан жарандарыбыз үчүн бул канчалык маанилүү экенин билип турам. Мекендештерибиз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн биз колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Ипотека боюнча иш-пландар даярдалып жатат. Турак-жайы жок жарандарыбызды турак-жай менен толук камсыз кылабыз деген аруу тилектерибиз бар.


Биз сөзсүз түрдө буга жетебиз.


Аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандандырууга аракет кылып жатабыз. Бирок бул маселе Казакстан менен Россиядан көз каранды.


Казахстандын өкмөтү транзитти жандандырууга бүгүн макулдугун берди.


Эми Россия тараптын жообун күтөбүз.


Кыргызстандан Россияга аба каттамдарын көбөйтөлү десе, Кыргыз бийлиги каршы болуп жатат деген чагымчылдардын сөзүнө ишенбегиле!


Тескерисинче көптөн бери Россия тараптан чартердик рейсттерди көбөйтөлү деп суранып келе жатабыз. Маселе бизде эмес.


Албетте баардык проблема коронавируска дагы байланыштуу болуп жатат", - дейт Садыр Жапаров.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Алимухамбет
Аллах раазы болсун белеттин баасы арсандасын ишенебиз кыргыстанда жумуш жок кыйналдык москвага барып иштегенге аргасыз болуп турабыз
Мамбетов
Кара тизме боюнча маселени да которсонуз 150минден ашык жарандар бар экен