Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:38
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров депутаттын мал жандыктарга салык салуу сунушун колдобойт

29.05.2023 12:26
450
Садыр Жапаров депутаттын мал жандыктарга салык салуу сунушун колдобойт

Президент Садыр Жапаров мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.


Анын айтымында, президент мал жандыктарга салык түрүн киргизүүгө каршы.


"Жогорку Кеңештин депуттары тарабынан демилгеленип жаткан, мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү сунушу коомдо терс пикирлерди жаратууда. Мындай демилгени - мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар дагы жок эмес. 

Ага байланыштуу, Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет. 

Президент Садыр Жапаровдун Жарылыгы менен, өткөн 2022-жылдын апрель айында, фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда, айыл-чарба багытындагы пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин, жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат. 

Демек, Президент Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле, депутаттардын мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт",- деди Орунбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн