Садыр Жапаров 1-2-июнь күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчы билим берүү жана башка имараттардын абалы менен таанышат.
Жапаров ошондой эле реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачат.
Комплекстин ачылышы УТРК телеканалы аркылуу саат 14:00до түз көрсөтүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн