Бугу 21, 2024
Убакыт: 12:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти (делегациянын курамы)

12.10.2022 16:55
295
Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти (делегациянын курамы)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия + Россия" мамлекет башчыларынын саммитине катышат.


Бул жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар 2022-жылдын 12-14-октябрында өтөт.


Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:


- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;


- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;


- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;


– Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;


– Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчиси, ишин айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык жана башка органдарындагы Туруктуу өкүлү Эрмек Ибраимов;


- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова;


- Башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов;


- Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн