Акыркы эки жарым жылда Президент Жапаров тарабынан 15 объектиге капсула салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анын айтымында 3 объектинин курулушу аяктаган.
"Акыркы эки жарым жылда Президент Жапаров тарабынан 15 объектиге капсула салынды. Алардын 3 обьектиси аяктап, 12 объектиде курулуш иштери жүрүп жатат",- деди Султанбаев.
Ошондой эле маалымат катчы социалдык тармактардын колдонуучуларын жалган маалымат таратпоого чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн