Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров электр энергиясына болгон бааны 1 сом 48 тыйынга көтөрүп, чектөөнү алууну сунуштады

21.04.2021 15:04
21023
Садыр Жапаров электр энергиясына болгон бааны 1 сом 48 тыйынга көтөрүп, чектөөнү алууну сунуштады

Президент Садыр Жапаров энергетиктерди чогултуп, 700 КВт саатык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берди.  Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


"Саламатсыздарбы, урматтуу энергетиктер! 

Бүгүн Сиздерди чогулткан себебим, энергетика системасында жүрүп жаткан иштер, реформалар жана тарифтер тууралуу сөз кылып, талкуулоо болмокчу. 

Энергетика - стратегиялык маанидеги, ошону менен бирге көйгөйү көп тармак. 

Анын азыркы кейиштүү абалы өзгөчө көңүл бурууну, кечиктирилгис чукул чараларды көрүүнү талап кылат. 

Жалпыбыз күбө болуп келгендей, бул тармакта проблемаларды чечкендин ордуна тескерисинче проблеманын үстүнө проблемаларды үйүп, оңдоо иштерине деген шылтоо менен кредиттерди алышып, ал акчаларды ушул тармакка жумшабастан уурдап кетишип, натыйжада, бүгүн энергетика тармагынын карызы 129 миллиард сомду түзүптүр. 

Ошого жараша көмөк чордондорубуз, линияларыбыз оңолгон эмес.

Тескерисинче, итке минген абалга келиптир. 

Бул каражаттардын көпчүлүк бөлүгүн энергетиктер эмес, бийлик башында олтурушкан аткаминерлер уурдап кетишиптир. 

Бул маселе боюнча эсеп палатасына тапшырма берилет. 

Изилдеп чыгабыз. 

Суунун башында олтуруп, электр энергиясын экспорттоочу эмес, импорттогон өлкөгө айланып калыптырбыз. 

Ушул тапта Казакстан менен Өзбекстандан алып жатабыз. 

Бул Кыргызстандыктар үчүн өтө уят көрүнүш.

Эми мындан ары бул системага бир тыйын карыз албай, тарифтерди өзгөртүү жолдорун колдонуп, өз күчүбүз менен кризистен чыгып кетүүнүн жолдорун издеп жатабыз. 

Албетте, түшүнүгү тайыз, же жакшы түшүнүп турса да популисттик кылып, эл үчүн күйүп-бышкан саясатчы болуп көрүнгүсү келгендер ММК беттерин бербей, капталдан чыгышат. 

Тариф саясатын сындап. 

Анткени алар күзүндө  өтө турган шайлоодо элдин добушун алуунун амалын издешет. 

"Саясатчы алдыда боло турган шайлоолорду эсепке алып ойлонот, ал эми мамлекеттик ишмер өлкөнүн келечегин гана ойлойт" деген учкул сөз бар. 

Андыктан, биз сиздер менен мамлекеттин келечеги үчүн коркпой иш алып бара берели. 

Жыйынтыгы жакшы болот. 

Кийин көпчүлүк эл рахматын гана айтат. 

Мени санаа тарттырган, күндүр-түндүр  түйшөлткөн бир гана ой бар. 

Ал ой  -  "10-январдагы президенттик шайлоодо билдирилген, 11-апрелдеги добуш берүүдө экинчи жолу тастыкталган калың элдин ишенимин, үмүт-тилегин канткенде актай алам?" деген ой. 

Кыргызстандын энергетика тармагы -  бизден мурунку муундан мураска калган, ошолордун караандай мээнети, маңдай тери менен түптөлгөн эң зор байлык эле. 

Бүгүнкү күндө энергетика тармагы эмнеге мындай өтө оор абалга туш болду? 

Эмне себептен анын терең кризиске батышына жол бердик? 

Эми аны канткенде сактап калабыз?

Бул суроолор - баарыбызды кыжаалат ойго салып, кабатыр кылчу суроолор. 

Энергетика тармагынын жан кашайткан мындай оор абалын көрүп туруп көрмөксөнгө салган саясый кайдыгерликти, волюнтаризмди токтотпосок болбойт. 

Кыскасы, энергетика тармагын сактап калууга тийишпиз. 

Аны сактап калуу үчүн көптөн бери топтолуп, бирок чечилбей келген көйгөйлөрдү чечүүнү ниет кылып, биз чечкиндүү аракеттердин баарына барууга даярбыз. 

Дагы кайталайын, энергетика тармагындагы көйгөйлөр эмнеден улам жаралды? 

Түз эле айтайын, 30 жылдан берки айрым аткаминерлердин жеңил ойлуу саясый чайкоочулугунун айынан, эптеп эле уурдап калууну көздөгөн алдым-жуттум мүдөөлөрүнөн улам ушундай акыбалга кириптер болдук. 

Проблемалар өз маалында чечилбей, убакыттан кыйла уттурдук. 

Эскертип коёюн, биз эми мындай шалаакылыкка экинчи жол бербейбиз. 

Биз эптеп эле элди алдап, алагды кылуудан алыспыз. 

Ошол эле маалда, биз болжоп, пландаштырып жаткан энерго системасындагы реформалар эл-журтка оорчулук келтирбей, залалы тийбеши керек. 

Маселенин ушул жагын да дыкаттык менен карап жатабыз. 

Өлкөнүн саясый жетекчилиги жана энергетика министрлигиндеги жаңы команда бул багытта өтө маанилүү маселелер менен алпурушууда.

Бирок бул жетишсиз. 

Энергетика багытындагы оор жагдай бүгүн эле жаралып калган көйгөй эмес, башкаруучулардын 30 жылдан берки  шалаакылыгынын натыйжасы экендигин туура түшүндүрүп, алдыдагы иш-чаралардын маани-маңызын элге жеткирүү үчүн бүтүндөй өкмөт, бардык министрликтер, акылы сергек жарандарыбыз жапа тырмак аракеттенүүсү кажет. 

Бул максаттарды ишке ашырууга канчалык тез киришсек, буюрса, жакынкы мезгилдерде суу таңкыстыгы, кычыраган кышкы суукта электр жарыгынын өчүп калышы сындуу терс көрүнүштөрдөн ошончолук бат арылабыз. 

Биздин пландарыбыз арбын, максаттарыбыз бийик, дымагыбыз күч. 

Ошол себептен биз келерки 2022-жылды "энергетика жылы" деп жарыялоону ниет кылып, атайын иш-чаралардын тартибин белгилеп жатабыз. 


Эми электрэнергиясынын тарифи боюнча маселеге токтолоюн. 


Турмушу начар, аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салалы деген сунуш бар. 

Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. 

Бул социалдык жактан камсыз кылуу мекемесинен алынган маалымат. 

Жергиликтуу бийлик өкүлдөрү менен энергетиктер биргелешип дагы бир жолу тактап чыгышса бул тизме дагы көбөйүшү мүмкүн. 

Тактап чыгуу боюнча тапшырма беребиз. 


Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. 


Ал эми, жашоо-турмушу Кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. 

Чектөө алынат. 

Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электрэнергиянын өздүк наркы. 

Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. 

Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. 

Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз. 


Эмне үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен алыскы тоолуу райондордо жашаган, жашоо шарттары оор бүлөлөргө арзан тариф сунушталып жатат? 

Анткени 30 жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен жетиштүү шартта жашаган үй-бүлөлөргө бирдей тариф сунушталып келген. 

Мындан ары бардык тармактарда реформаларды жүргүзүүдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалы биринчи кезекте эске алынып, көңүл буруларына ишендирем",- деп жазылат маалыматта.


Пикирлер (49)

Коопсуздук коду
Аскарбек Узбеков
Чектоону алып салып бай кедей дебей эле бир тариф коюш керек, 1 сом 1квт.Катаал шартта жашагандарга.
Камила
1000 кВт 1ай жетпейт ашып кетсек баягы эле акчаны толойт экенбизда.Мен Нарын районунда жашайм.
Күрпүкова Нурзат
Элди ойлоп койсонор боло пенсия,пособия, айлык аз баары кымбаттап жатса эмне кереги бар депутат айлыктары ж.б көп же айлыкты баарын көтөрүп туруп анан иш кылса болот да
Индира асаналиева
Элди ойлосонор боло пособия менен жашасак озубуз балдарды багабызбы же светке толоп койуп отура беребизби
Макулмун жаркын келечек үчүн ишти жасагыла бирок дагы деле чиновниктер төлөбөй же арзан тарифке катталып алышы мүмкүн ошону катуу текшергиле
Макулмун. мамлекеттин жаркын келечеги үчүн ишти жасагыла бирок чиновниктер дагы деле арзан тарифке отуруп алышы мүмкүн же төлөбөй коюшу мүмкүн ушуну катуу көзөмөлдөгүлө
Гульназ
Бийликтин кишиси экениниз билинип калды. Такыр уятынар жок экен.
Элдияр
Эээх.. жашоо онолот экен десем баягы эле акылдуу создор..