Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөнүн экинчи дозасын алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.
Президент Бишкектеги соода борборлорунун биринен Sinopharm вакцинасынын экинчи дозасын алды.
Буга чейин президент аталган соода борборунда жайгашкан эмдөө пунктунан коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн