Бугу 08, 2024
Убакыт: 02:05
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Садыр Жапаров фейк маалыматтарга ишенбөөгө чакырды

06.02.2021 15:04
1281
Садыр Жапаров фейк маалыматтарга ишенбөөгө чакырды

Садыр Жапаров фейк маалыматка ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу президент өзүнүн социалдык баракчасына жазды.


Урматтуу Кыргызстандыктар! Соц түйүндөрдө фейк аккаунттар ар бир жасалып жаткан иштерди сындап, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатышат. Кээ бир оюу бузук сайттар, журналисттер да бар. Мисалы, каржы полициясы ички иштер министрлигинин алдына барат экен деген маалыматты таратышты. Миграция министрлиги саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат экен деп, талкуу жаратышты.


Өкмөт чечим кабыл алып, официалдуу түрдө билдирүү таратмайынча ишенбеңиздер. Ар бир жасалып жаткан ишибиз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана болот. Айрым иштердин жыйынтыгы үч айдан беш айга чейин жемишин берет.


Ошондуктан, ар бир жасалган кадамды сындаардан мурда, жыйынтыгын күткүлө урматтуу сынчылар. Жыйынтыгы элдин, мамлекеттин пайдасына чыкканда өзүңөр эле уят болуп каласыңар.

Мурдакыдай бир топтун кызыкчылыгы үчүн жасалчу иштерди түп тамырынан жок кылдык",- деп билдирүү калтырган президент.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Карабекова Нурзина
Туура ишенбөө керек бирок 3 балалуу батирде жашап жаткан үй-бүлөлөргө жок дегенде участок берип койсо жакшы болмок.