Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров инаугурация аземи боюнча билдирүү таратты

22.01.2021 13:23
578
Садыр Жапаров инаугурация аземи боюнча билдирүү таратты


Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземин уюштурууга байланыштуу маселелерге комментарий берди, деп маалымдайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Төмөндө Садыр Жапаровдун билдирүүсү:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Октябрь окуяларынан кийин түзүлгөн саясий кырдаалды, өлкөнүн экономикалык, каржылык жана эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, мындай кырдаалда өлкөнүн экономикасына оорчулук келтирүүчү иш-чаралардан баш тартууга тийиш экендигибизди белгилей кетүү зарыл деп эсептейм. Элибиз бизди түшүнөт жана колдойт деп ойлойм.

Мамлекет башчысынын кызматка киришүүсүнүн калыптанып калган салттарына, стандарттарына жана жол-жоболоруна ылайык, иш-чаралар планын иштеп чыккан Уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирем.

Мен каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартууну чечтим. Президенттин кызматына киришүүдө мыйзам талап кылган милдеттүү жол-жоболорду гана эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү.

Мамлекет бүт көңүлүн өлкө каражаттарын элге жана алардын муктаждыктарына колдоо көрсөтүүгө пайдаланууга бурушу зарыл”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн