Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 08:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти (делегациянын курамы)

02.11.2023 15:44
413
Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти (делегациянын курамы)


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жөнөп кетти.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

- өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн