Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:40
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

12.10.2022 19:22
282
Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.


Мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортуна конду.


Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.


Сапардын алкагында ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия + Россия" Мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн