Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 01:38
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барышы күтүлүүдө

22.12.2021 09:05
459
Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барышы күтүлүүдө

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк келишими боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Бакуда өткөн маалымат жыйынында КРнын Азербайжандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев  билдирди.


Анын айтымында, буга чейин Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинин алкагында эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Илхам Алиевдин жолугушуусу болуп өткөн.


«2022-жылдын апрель-май айларында Кыргызстандын президентинин Азербайжанга болгон сапары күтүлүүдө. Бул сапардын жүрүшүндө стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге да кол коюлат», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн