Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 11:36
USD
86.60
87.10
EUR
94.70
95.70
RUB
1.005
1.045

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

20.02.2024 17:00
313
Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда, иш сапары менен Россия Федерациясына учуп кетти.

Мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча боло турган сапардын алкагында Казань шаарында өтүүчү «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында президент Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн