Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 21:36
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына келди

14.09.2022 19:32
760
Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Өзбекстан Республикасына иш сапары менен келди. 


Мамлекет башчысынын учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.


Президент Садыр Жапаровду Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. 


Аэропорттун флагштокторуна ШКУ Саммитине катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.


Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн