Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 22:44
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнстанга жөнөп кетти. Кимдер коштоп кетти?

28.11.2021 09:41
1008
Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнстанга жөнөп кетти. Кимдер коштоп кетти?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жумушчу сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти.


Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сапардын алкагында Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат.


Уюмга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчылары ЭКУ мейкиндигинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат, ошондой эле Түркмөнстандын Уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарары күтүлүүдө.


Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:


- тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;


- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;


- Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;


- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев


- Кыргыз Республикасынын Экономикалык Кызматташтык Уюмундагы Туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыков.


Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, кечинде Бишкекке келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн