Бугу 08, 2024
Убакыт: 01:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барды (делегациянын курамы)

20.08.2023 19:03
268
Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барды (делегациянын курамы)


Президент Садыр Жапаров бүгүн Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына карата иш-чараларга катышуу үчүн Будапешт шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы аэропортко конду.

Садыр Жапаровду Венгриянын юстиция министри Бенце Тужон тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;

Муратбек Азымбакиев - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Талантбек Кушчубеков - Кыргызстан Венгриядагы элчиси

Эске салсак, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, башка чет элдик лидерлер менен катар башка иш-чараларга катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн