Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Садыр Жапаров кадр саясатын жакшыртууга багытталган жарлыкка кол койду

08.02.2023 16:52
228
Садыр Жапаров кадр саясатын жакшыртууга багытталган жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында Кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.


Жарлыктын максаты — мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта коомго ак ниет кызмат кылууга, мамлекеттин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын сапаттуу аткарууга багытталган эффективдүү кесипкөй кадрдык аппаратты түзүү болуп саналат.


Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, кесипкөй мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» жарлыгына ылайык, төмөнкүлөр бекитилди:


— 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында Кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясы;


— 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында Кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн