Бугу 21, 2024
Убакыт: 17:25
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Садыр Жапаров кайсы учурда казино боюнча мыйзамга вето коюуга даяр?

27.04.2021 19:51
1004
Садыр Жапаров кайсы учурда казино боюнча мыйзамга вето коюуга даяр?

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бардык тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн чет мамлекеттердин жарандарына өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарынын ишин жандандырууну караштырган «Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча ар кандай аянтчаларда кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуш кылат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Эгерде коомчулук чет мамлекеттердин жарандары үчүн өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарын калыбына келтирүү демилгесине караманча каршы болсо, анда Президент Садыр Жапаров өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган учурда вето коюуга даяр.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Тушунуксуз.Озу сунуш кыллы озу вето койобу депутаттарга жетсе.