Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:43
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасын чечүүдөгү ролу үчүн Мирзиёевге ыраазычылык билдирди

27.01.2023 14:01
244
Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасын чечүүдөгү ролу үчүн Мирзиёевге ыраазычылык билдирди

«Бүгүнкү күндө биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чындыгында эле тарыхый окуя», - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, кеңири форматта жолугушуусунда.


«Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.


Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем.


Урматтуу Шавкат Миромонович, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө Сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет.


Өзгөчө көңүл бура турган нерсе - ушул мамлекеттик визиттин алкагында Келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен бул маанилүү окуя бекемделет.


Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу менен өз ара мамилелерибизди кызматташтыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлине чыгарабыз», - деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн