Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси жазында чечилерин айтты

12.12.2023 08:56
289
Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси жазында чечилерин айтты


Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси 2024-жылдын жаз мезгилине барып чечилерине үмүт артты.


“Чек араны чечип жатабыз, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буюрса аяктап калдык. Биз жаңы жылга чейин бүтөбүз дедик эле, бирок кичине созулуп жатат. Эми жазга барып бүтөт окшойт”, — деди президент Капчыгай айылынын тургундарына.


Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын октябрында Кыргызстан менен Тажикстан №44 протоколго кол коюшкан. Ал кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чече турган протокол экендиги айтылган.


Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Буга чейин анын 290 чакырымга жакыны тактала электиги маалымдалган. Протоколго кол коюлгандан кийин чек араны тактоо иштери бир топ ылдамдаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн