Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын тактала элек 308 чакырым тилкеси калды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Кыргызстанан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 км чек ара тилкеси бар. Анын 664 км тилкесин такташып бүттүк. 308 км калды. Албетте иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз",- деп айтылат Президенттин билдирүүсүндө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн