Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча пикирин билдирди

25.04.2022 13:50
2077
Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча пикирин билдирди

Кыргыз-тажик чек арасын жакынкы аралыкта чечебиз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров  "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, чек ара чечилгенден кийин кыргыз-тажик чек арасына посттор курулат.


"Тажикстан менен чек ара маселеси токтоп калган жок, чечилип келе жатат. 600 км бүттү, 300 км калды. Бирок жай жүрүп жатат. Жай жүрүп жатканы бизден эле эмес, эки тараптан тең болуп жатат. 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара бир айда эле чечилип калбайт экен да. Талаш-тартыш жерлер бар дегендей. Бирок жакынкы араларда, Кудай буюрса, толук чечебиз. Чек араны толук бүтпөй туруп, эки жак тең бир метр жерге тосмо кое албайт. Аны түшүнбөгөн кишилер тосмо койсо болбойт беле деп сүйлөй берет. Бүтөрү менен эки жак тең бир күн калбай тосмо тарта баштайбыз. Чек ара посттору ачылат. Соода-сатык жүрө баштайт. Өзбекстан менен азыр кандай жакшы мамиле болуп жаткан болсо, Тажикстан менен дагы ошондой мамиле болот. Карым-катнаш мурдагыдай уланат деп ишенип турам",- деди президент Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн