Бугу 07, 2024
Убакыт: 08:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров кыргыз-венгер бизнес форумуна катышты

14.02.2023 16:11
239
Садыр Жапаров кыргыз-венгер бизнес форумуна катышты

Кыргызстан экономикалык, илимий, гуманитардык кызматташууга, Венгриянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен ар дайым байланышууга ачык. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Будапештте өткөн Венгер-Кыргыз бизнес-форумунда билдирди.

Президент өз сөзүндө Кыргызстан укмуштуудай кооз, таза жаратылышы бар өлкө экендигин, анын аянтынын 94 пайызын тоолор түзөрүн айтты.


Өлкө туризм тармагында эбегейсиз дараметке ээ жана жылдан жылга көптөгөн европалык туристтерди кызыктырып жатат. Мен өлкөнүн туризм тармагындагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга, атап айтканда, лыжа базаларын, мейманканаларды куруу, ден соолукту чындоо мекемелерин реконструкциялоо жана башка долбоорлордо активдүү кызматташууга чакырам", - деди Кыргызстандын президенти.

Ал мындан сырткары, эки мамлекеттин туризм жана соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү максатында, Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы түз аба каттамдарын эртерээк ачылышы абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров сөзүн улай венгрия бизнесин кыргызстандык ишкерлер менен активдүү иштешүүгө, тил табышууга жана өз ара пайдалуу долбоорлорго инвестиция салууга чакырды.

"Форумдун алкагындагы талкуулар биздин ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет деген үмүттөбүз. Бүгүнкү жолугушуу ишкердик өнөктөштүктү чыңдоого чоң салым кошуп, венгер-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүнө мындан аркы түрткү берерине ишеним билдирем”, - деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, иш-чарага Венгриянын экономикалык өнүктүрүү министри Мартон Надь, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери, ошондой эле Кыргызстандын жана Венгриянын туризм жана курулуш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика, өнөр жай өндүрүшү ж.б. тармактарынын өкүлдөрүнөн турган 100гө жакын ири компаниялар катышты.

Форумдун ачылышы Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган видеоролик менен башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн