Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:51
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады

29.10.2023 09:54
300
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады


Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу жергиликтүү жамаат мүчөлөрү!

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Мамлекетибиздин Баш мыйзамында жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкарууну түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу жүзөгө ашыра тургандыгы аныкталган. Мына ошондуктан мамлекетти башкаруу системасында элге эң эле жакын турган орган катары сиздердин жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүгө кошкон салымыңыздар чоң. Чындыгында сиздердин талбаган ишмердүүлүгүңүздөрдүн аркасында мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары калкыбызга жетип олтурат.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү жамааттар мамлекеттик маанидеги иштер менен катар жергиликтүү маанидеги маселелерди ийгиликтүү чечүүдө мол тажрыйба топтоп, байма-бай демилгелерди көтөрүп, орчундуу иштерди илгерилетүүдө.

Учурда мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүүгө системалуу көңүл бурууда. Жылдан-жылга жергиликтүү бюджеттердин жалпы көлөмү өсүп, алардын республиканын консолидацияланган бюджетиндеги үлүшү артып келет. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкарууну оптималдаштыруу максатында айрым региондордо пилоттук режимде аймактык административдик реформа жүрүп жатат.

2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, кабыл алуунун алдында турат. Жергиликтүү жамааттардын демилгесин, жигердүүлүгүн жана жоопкерчилигин өстүрүү, ролун жогорулатуу жаңы программанын өзөгүн түзөт.

Урматтуу жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, сиздерди өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан маанилүү, келечектүү иштерге активдүү катышууга чакырам.

Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш каалоо менен бирге, аймактарда жашаган элибиздин турмуш-шартын жакшыртууга багытталган ишиңиздерди албан-албан ийгиликтердин коштоосуна тилектешмин.

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!».

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн