Баш оона 22, 2025
Убакыт: 22:38
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды кайрадан вакцина алууга чакырды

10.11.2021 13:58
603
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды кайрадан вакцина алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров facebook социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү калтырып, кыргызстандыктарды кайрадан коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.


"Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады", - деп жазган президент Жапаров.


Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 1 млн 16 миң 696 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 790 миң 727 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн