Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров климаттык өзгөрүү боюнча дүйнө лидерлеринин саммитинин ачылышына катышты

01.11.2021 22:48
633
Садыр Жапаров климаттык өзгөрүү боюнча дүйнө лидерлеринин саммитинин ачылышына катышты

Бүгүн, 1-ноябрда, Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитинин ачылыш аземи болду.


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров SEC Шотландиялык көргөзмө борборуна келип, ал жакта иш-чаранын ачылыш аземине катышты.


Саммит алкагында мамлекет башчысы эртең, 2-ноябрда, кайрылуу менен чыгып, анда иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүүсүнөн эле эмес, абийирсиз чарбалык ишмердүүлүктөн да сактап калуу маанилүү экенине көңүл буруп, айлана чөйрөнү коргоо маселелерине токтолот.


БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы 30 миңден ашуун делегат, анын ичинде 120 дүйнө лидерлеринин, эксперттер жана өкмөттүк чиновниктердин катышуусунда өткөн Улуу Британиядагы эң ири саммит болуп калары белгиленет.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн