Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 09:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Садыр Жапаров: Өкмөттүн курамына тажрыйбалуу команда топтолду

03.02.2021 18:55
1057
Садыр Жапаров: Өкмөттүн курамына тажрыйбалуу команда топтолду

Өкмөттүн курамына жигердүү, тажрыйбалуу, чаалыгып-чарчоо эмне экенин билбей турган команда топтолду. Бул тууралуу өкмөттүн жаңы курамынын ант берүү аземинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров билдирди.


Ал өз сөзүндө өкмөттүн мүчөлөрүнө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн эске салды.

“Ар бир министрликтин жана баарыбыздын ишибизге коомчулук тыгыз көз салып, бизден натыйжалуу ишти талап кылып турат. Ошондуктан, ар бир министр реформа жүргүзүүдө бир топтун же жеке кызыкчылыктын сазына батып кетпестен, мамлекеттин гана кызыкчылыгын көздөө менен ишке ашыраарыңарды суранамын”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн