Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жарлыгына кол койду

14.05.2022 13:14
507
Садыр Жапаров көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жарлыгына кол койду


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыктарга ылайык, өлкөнүн көп балалуу энелери «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирет.


«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, «Баатыр эне» ордени менен жети жана андан ашык баласы бар жана аларды толук тарбиялаган 921 аял сыйланды. Ал эми «Эне даңкы» медалы менен алты баласы бар жана толук тарбиялап жаткан 664 аял сыйланды.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Керимкулова Майрамбубу
2022.10.25. тапшыргам баатыр энеге.Эмдигиче ала элекпиз.