Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров кудаларын президенттик шайлоодон жеңсе гана кызматтан алабы?

15.12.2020 13:45
903
Садыр Жапаров кудаларын президенттик шайлоодон жеңсе гана кызматтан алабы?


Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин кызматка келген президенттикке талапкер Садыр Жапаров бир катар жакындарын кызматка койгон эле. Алардын арасында кудалары да бар болуп чыккан. Маселен, “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жаңы дайындалган башчысы Турусбек Түмөнбаев менен Миграция иштери боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Таштанбек Каймазаров Садыр Жапаровдун кудасы экендиги белгилүү болгон.


15-декабрда үгүт иштерин Таластан баштаган Садыр Жапаров муну моюнга алып, президенттик шайлоодон кийин мамлекеттик кызматкерлер ачык конкурстун негизинде кызматка дайындала турганын убада кылды.   


"5-октябрда өлкөдөгү абал 2010-жылдагы учурга окшош башаламан эле. Ошондой оор маалда мамлекеттеги коррупционерлер сыртка акчасын чыгарып кетпесин деп, кадрдык дайындоолорду өтө шашылыш ишке ашырдык. Өзүм билген адамдарды дароо маанилүү кызматтарга дайындадым. Болжол менен жыйырмадай мамлекеттик кызматкерди дайындагам. Алардын арасында эки кудам да бар экен. Бирок, президенттик шайлоо бүткөндөн кийин мен убада кылгандай аким, губернатордон тарта бардык мамлекеттик кызматкерлер ачык конкурстук негизде дайындалат", - дейт Жапаров.


Демек, Садыр мырза президенттик шайлоодон кийин гана кудаларын кызматтан кетирет экен. Эгер ал өтпөй калсачы?

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Пара менен конкурстан отсо болот.Комиссияда кызыгы башталат.
Сабыр Тилегенов
Сен кандай адамсың?Пара берүү коррупцияны жок кылабыз десе,ар нерсени айтасың!!!Конкурска элдик жаран да мүчө болот дегенго!!!