Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 01:05
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Садыр Жапаров менен Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

20.04.2022 13:33
563
Садыр Жапаров менен Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 20-апрелде, Баку шаарындагы “Загулба” президенттик сарайында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинген. Өз ара саламдашуудан соң мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын катарынын алдынан өтүштү.


Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын гимндерин уккандан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң ардак кароолдун ротасы салтанаттуу маршы болду.


Расмий жолугушуу аземи аяктаган соң өлкө лидерлери тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө өтүштү.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн