Бугу 21, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кайрадан телефон аркылуу байланышты

01.05.2021 15:22
1137
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кайрадан телефон аркылуу байланышты


Бүгүн, 1-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Бул тууралуу Тажикстан Республикасынын лидеринин расмий сайтында маалымдалды.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы кырдаалды нормалдаштыруу боюнча тараптар ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.


Толугу менен ок атууну токтотуу жана аскер күчтөрүн туруктуу жайгаштыруу жерлерине кетирүү боюнча келишимдерди сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Ошондой эле президенттер бул багытта жумушчу топтордун биргелешкен ишмердүүлүгү жана эки мамлекеттин делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун башталышы жөнүндө сөз кылышты.


Бирок телефон аркылуу сүйлөшүү тууралуу Кыргызстандын башчысынын басма сөз кызматы кабарлай элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн