Бугу 09, 2024
Убакыт: 08:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров менен ФИФАнын президенти КФСнын жаңы имаратын ачты

05.05.2023 17:35
802
Садыр Жапаров менен ФИФАнын президенти КФСнын жаңы имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино бүгүн, 5-майда, биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачышты.


Төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын долбоору боюнча курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган.


Жаңы кеңсенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.


Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар сыяктуу эле спорттун бардык түрлөрүнөн футбол ага абдан жакын экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал ата мекендик футболду өнүктүрүү боюнча демилгелерге абдан ынтызар жана өлкөнүн ФИФАнын долбоорлоруна активдүү катышуусуна кызыкдар.


Мамлекет башчысы ошондой эле, мамлекеттик социалдык саясаттын эң маанилүү багыты калктын руханий жана физикалык саламаттыгына кам көрүү экенин, ал эми дене тарбия жана спортту өнүктүрүү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойноорун белгиледи.


Ал кыргыз спортчуларынын акыркы мезгилдеги эл аралык мелдештерде жетишкен ийгиликтери элди бириктирип жана жаштарга күчтүү дем бергенин баса белгиледи. Президент мындан улам кыргыз эли Азия кубогунда улуттук курамадан да ушундай эле жогорку жыйынтыкты күтөрүн кошумчалады.


Соңунда президент Садыр Жапаров ата мекендик футболчуларга алдыдагы беттештерде жеңиштерди жана Кыргыз футбол союзуна жемиштүү иштөөнү каалады.


Белгилей кетсек, Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен биринчи жолу Кыргызстанга келди. Иш сапардын алкагында ФИФАнын башчысы президент Садыр Жапаров менен жолугушат.


Жолугушуулардын алкагында эл аралык уюмдун КФС демилгелерин колдоо, тактап айтканда, өлкөдөгү футболдук инфраструктураны жакшыртуу жана атамекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн