Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаров менен Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

22.06.2023 10:19
239
Садыр Жапаров менен Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү


Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын алдында Кыргызстандын жана Германиянын мамлекетинин мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемчелер төшөлдү.

Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашкан соң, Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров жана Франк-Вальтер Штайнмайер өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды, андан кийин Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу марш менен өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн