Бугу 21, 2024
Убакыт: 14:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров менен Илхам Алиев Ала-Арча жаратылыш паркына барды

12.10.2022 16:21
316
Садыр Жапаров менен Илхам Алиев Ала-Арча жаратылыш паркына барды

Президент Садыр Жапаров менен Азербайждын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 12-октябрда, Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.


Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, паркка келгенде өлкө лидерлерин 12 баатыр жана акындар тосуп алды.


Кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, президенттер кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоочу усталардын устаканалары, улуттук “шырдак” килемдери менен таанышты.


Ардактуу меймандар үчүн тамак-аштардан даам татуу, улуттук азык-түлүк көргөзмөсү жана «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдеринин коллекцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.


Ошондой эле, мамлекет башчыларына бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда салттуу салбуурун аң уулоонун элементтери көрсөтүлдү.


Этномаданий программа Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамблинин аткаруусундагы элдик ырлар жана музыка менен коштолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн