Бугу 21, 2024
Убакыт: 06:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров менен Илхам Алиевдин жолугушуусу түз эфирде чагылдырылат

11.10.2022 11:15
272
Садыр Жапаров менен Илхам Алиевдин жолугушуусу түз эфирде чагылдырылат

Бүгүн, 11-октябрда Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары башталат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


Белгилүү болгондой, жолугушуунун биринчи күнү эки өлкөнүн лидерлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Биринчи мамлекеттер аралык кеңештин жыйыны өтөт.


Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтер кабыл алынып, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев прессага билдирүү жасашат.


Бул мамлекеттик сапардын алкагындагы иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат.  


Түз эфир 15.40та эки лидердин расмий жолугушуу аземи менен башталат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн