Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кийинки жолугушуусу Андижан шаарында өтөт. Бул тууралуу 27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жолугушууда билдирди.
Мирзиёевдин билдирүүсүнө ылайык, мамлекет башчыларынын жолугушуусу май айына белгиленген.
Белгилей кетсек, бүгүн эки өлкөнүн президенттери ортосунда кызматташтык талкууланып, бир катар документтерге кол коюлду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн