Бугу 09, 2024
Убакыт: 13:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров менен Шералы хандын айырмасы эмнеде?

28.01.2021 10:35
1005
Садыр Жапаров менен Шералы хандын айырмасы эмнеде?

Бүгүн Садыр Жапаровдун Хан болоор күнү. "Инагурация чоң чыгым менен өтөт экен" - деп өткөндө чоң чыр чыгып кете жаздады. Жакшы, эл менен эсептешип эстүүлүк кылды. Эми Кудай менен эсептешсе даана утат. Анда дүйнө-акырети абаат болот. Бирок... Кыйын Кудай менен эсептешиш. Ал Улуу Зат менен эсептешсе светтикти жыйыштырып, шарияттык өлкө болуп кетпейбизби. Ага да жетээрбиз ин шаа Аллах... Биздин шартта кыйын эле...

Эми сөздү Коконду башкарган Шерали хандын инагурация жөнүндө кылайын. Ошол жерден алчу сабак бар. Негизги дарс көбүрөөк #Садыр абама керек.

Шерали тайкесинин колунда жылкы багып чоңойгон. Ал хандын тукумунан эле. Садыр абам да хандын тукумунан. Айырмасы Шерали - хандын урпагы экенин билчү эмес. Илгери такка жалаң гана хандын урпагы ээлик кылчу. Азыр эми, такта сырткы күчтөрдүн көңүлүн оорутпагандар. Мурун ата-бабаларыбыз орусту каапыр көрүп, анын саясатына катуу каршылык кылышчу. Бүгүн болсо жуурулушуп эле орустун маданиятын сиңирип алдык. Арагынан баштап... Эми бул жаатта терең сөз кылсам Шералинин инагурациясы эстен чыгып кетет.

1842-жылдын жайы...

Шерали ээн жайытта оттоп жүргөн мал сыяктуу бейгам болчу. Эч ойсуз, капарсыз эле. Тайкеси Ажыбай датка чоңдор топтолуп маселе чеччүү ак туу сайылган Өргөөгө атуу-баштуу бийлердин (чоңдордун) баарын топтоду да Шералини чакыртты. Ошол жерден узун тарыхты айтып берип, Шералини хандын тукуму экенин жар салды. Баары дуу-дуу боло түштү. Анан эле аны хан кылышмай болду... Шерали эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Оозуна да эч нерсе келбеди. Өтө мокок, жетеленме эле...


Ошентип, тайкеси Ажыбай датка оң колуна Нүзүп бий деген аскер башчыны, сол колуна Сыйдалы бек деген жол башчыны дайындап, бүт Талас, Чаткал, Аксыны анын колуна тапшырды да, Коконду Бухаралыктардан тартып алып, хандыкты алуу үчүн жөнөттү...


Шералинин мокок, саясатка жок, мурдунун учун көрбөгөн сокур экенин билген Нүзүп бий, аны акырындан башкара баштайт. Шерали да Нүзүптүн эле оозун, кабагын карап турат. Өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Нүзүп эмне десе ошол болот... Анан Шерали баштаган чоң кошуун Коконду басып алат...


Ушунтип Кокондун ханын такка отургузуу инагурациясы башталат... Дүйнө бүткөн Дүйшөмбү күнү... Шаардын эстүү-көздүү атанган, бай атанган, тектүү атанган адамдары Ордонун (Ак үйдүн) жасалгалуу диванханасына жык толду. Тегине, даражасына, амалына жараша төрдөн баштап босого чейин тизилип, күбүр-шыбыр болуп, эшикти жүткүнүп карашып Ханды күтүп жатышты... Эң алдында Шерали көрүндү. Элдин башы баары бирдей таазим кылышып, колдорун боорлоруна алышып, көздөрүнүн төбөсү менен эптеп карашып турушту. Шералинин оң колунда Нүзүп, сол колунда Мусулманкул, артында шаардын казысы жана аскерлерлердин саркери. Баягы мокок көз, мыңыроо жүз Шерали. Ал үйрөтүлүп коюлган. Эриндерин кыбыратып, акырын салам айтты. Көпчүлүк дүрүлдөп алик алды. Ал улам жакындаган сайын кишилер баштарын улам ийип, кай бирөө бүк түшүп, бутуна жыгылып жатты. Шерали ошол бүк түшкөн аттуу баштуулардын баштарын акырын аттап, так жака келе берди. Башында эски кийиз ак тебетей, үстүндө шөлбүрөгөн тепме чепкен, бутунда баягы уурттары дулдуйган чоң көн чокой. Белинде кынсыз кылыч. Аны ошол бойдон алып барып такка отургузушту. Көпчүлүк кутту болсун айта башташты... Шералинин болсо кулагы дуулдап, эми кайда тиктээрин билбей, эки колун каяка коерун билбей, маңыроо тартып, дабдырап отуруп калды...


...Нүзүп күүлдөп, ызы-чуу болуп турган чоңдорду бир заматта нестейтти. Ал колундагы мыкты хандын тагынын бетмаңдайына каткырды. "Бул эмнеси экен?" - деп чоңдор Нүзүптүн оюн түшүнбөй турушту. Анан, Нүзүп Шералинин жаман, эски чокоюн чоңдордун колдору менен чечтирип, чокойду дубалга илдирип койду. Ордо тымтырс. Баары Нүзүптүн оозун тиктеп калышты. Бул эмнеси? Бул кандай сыр? Нүзүп мунун сырын ачканга шашылган жок. Шералинин үстүнө мурда камдатып койгон кызыл кымкапты жаптырды, бутуна саймалуу көк булгары өтүк кийгиздирди. Ошондон кийин гана, көпчүлүккө угуза мындай деди:


- #Шерали! Мына, карагын, эми сен журт эгесисиң. Журтка кайрымдуу бол! Бурадарга күйүмдүү бол! Акылдуунун тилин ал! Көздүүнүн артынан ээрчи!


Анан, колун сунуп илинип турган чокойду көрсөттү да, "Тетиги жаман көн чокой... Шерали тааныйсыңбы ошону? Ал сенин чокоюң! Ал сенин өткөн күнүң... Ошол өткөн күнүңдү, ошол карыптыгыңды эч качан унутпа, күндө көрүп отур. Ал чокой - алтын такка чыгарган кудуреттүү (Нүзүптү) сага күндө эстетип турсун. Кара баштуу адамдын өмүрүнө, калың тайпа журттун тагдырына ойлук кылганыңда бул чокой дайым маңдайыңда болсун. Бул сени көптүрбөсүн, эсиртпесин...


Нестейгендер дуу жарылып, дүңгүрөп кетти. - Бали! Бали! Миң жаша, ата уулу! Бали! дешип.
Ушундан соң Нүзүпкө "аталык" деген тизгин (башкаруу) берилди. Ал Шерали ханды такка отургузганы менен аны өзү эле башкарып жатты... Кийин Шералинин айланасында кошоматчылар, бийлик талашкандар, Нүзүпкө нааразылар көбөйүп, ички ырк кетти...


Дагы бир топ убакыт өтүп Шерали айлансындагылардын сөзүнө алдана баштайт. Ошентип илинип турган чокойду да алып таштайт. Аны менен кошо Нүзүптүн башын алууга буйрук чыгарып, анын башын алдырып салат... Нүзүптүн башы кетиши менен эле, алыс узабай Шералинин да башы кетет. Ошентип күнү бүтөт...


Эми кимиң кандай сабак аласың аны өзүңөргө койдум. Садыр абама да жеткирип койгула. Тарыхтан сабак алсын. Мейли Шералиден албаса да, анын алдында башкарып кеткен башчылардан сабак алсын. Дагы сөз көп... Калганын кийин...

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Шералинин окуясына туура келбейт.Себеби азыр Нузуптор жок елибизде.