Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров менен Виктор Орбан сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

14.02.2023 19:19
258
Садыр Жапаров менен Виктор Орбан сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан бүгүн, 14-февралда чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Венгриянын премьер-министринин резиденциясынын – Будапешт шаарындагы Кармелита сарайынын алдынан Мамлекет башчысын Виктор Орбан тосуп алды.


Чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Садыр Жапаров менен Виктор Орбан чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүшүп, андан кийин жолугушуу кеңейтилген форматта уланды.


Кыргыз-венгер кызматташтыгынын жогорку деңгээлин ырастап, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маселелерин, банк чөйрөсүндө, гидроэнергетикада, жашыл экономикада өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн жана көп башка маселелерди талкуулашты.


Премьер-министр Виктор Орбан эки элдин тарыхый тамыры бир экендигин баса белгилеп, Кыргызстан - венгерлердин ата-баба конушу экенин белгиледи.


Ал буга чейин түзүлгөн достук жана бир туугандык мамилелер биргелешкен долбоорлорду практика жүзүндө ишке ашыруу керектигин, аларды ишке ашырууда ал башында турган Венгриянын өкмөтү бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты.


Президент Садыр Жапаров кыргыз делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө негизделген достук жана бир туугандык мамилелерди баса белгиледи.


Мамлекет башчысы мамлекеттердин соода-экономикалык мамилелеринде болгон потенциалга өзгөчө басым жасап, аны бир нече эсеге көбөйтүү керектиги айтылды.


Садыр Жапаров ошондой эле өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин жогорулатууга даяр экенин ырастады. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы бүгүн башталган Венгер-Кыргыз бизнес-форуму эки өлкөнүн компанияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик байланыштарды түзүүгө жардам берерине ишеним билдирди.


Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанды каалаган ыңгайлуу убакта Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн