18-февралда президент Садыр Жапаров өлкөнүн мурдагы президенттерин бир столго отургузганын билдирди.
Андан соң президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана президент Садыр Жапаров катышканын, белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өткөнүн билдирди.
Ал эми "Кактус.медиа" Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбековго таянып, жолугушуу Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында өткөнүн билдирди.
"Ажолордун жолугушуусу Дубайда болгонун, ким кимге каршы болгонун аз убакытта билесиңер...",- деп билдирген Рыскелди Момбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн