Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 17:45
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Садыр Жапаров өкмөт башчылыгын кимге ишенип тапшырат?

12.01.2021 10:29
2301
Садыр Жапаров өкмөт башчылыгын кимге ишенип тапшырат?

Шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы шайлоонун жыйынтыгы расмий чыккандан кийинки бир ай аралыгында өткөрүлүшү керек экенин БШК билдирди. Ал эми расмий жыйынтык шайлоо өткөндөн кийин 20 күн аралыгында айтылышы керек. Кайсыл талапкердин 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткени азыртадан эле белгилүү болуп калды. Башка талапкерлерден ат чабым алдыда, дээрлик 80% менен Садыр Жапаров жеңишке жетти. Бир катар мамлекеттердин башчылары да куттуктоого жетишти. Алардын арасында Россия президенти, АКШ бийлиги да бар. Коңшулаш Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биринчилерден болуп куттуктап, Астанага расмий иш сапар менен келип кетүүгө да чакырды.


Демек, шайлоонун расмий жыйынтыгы жыйырма күндү күтүп отурбай эле айтылса да болот. Ошондо шайланган президенттин инаугурациясы февраль айынын орто чендеринде өткөрүлүшү керек. Андан кийин жаңы өкмөттүн курамын бекитүү зарыл. Албетте, ал өкмөт парламенттик шайлоо өтүп, жаңы чакырылыштын депутаттары ишке киришкенге чейинки убактылуу же техникалык өкмөт болуп калат.


Техникалык өкмөт болсо дагы, анын курамы жана өкмөт башына келе турган адамдын дарамети, программасы өтө маанилүү. Себеби, өлкө экономикасы өтө оор абалда. Өткөн жылдагы пандемия шарты өлкөдөгү ишкерликке тоскоолдуктарды жаратып, натыйжада салык, бажы төлөмдөрү пландагандан алдаканча аз болуп калган. Азыр да пандемия толук кетелек, анын кесепеттери дагы деле тийип жатат. Ага кошумча саясий кырдаалдын курчушу дагы өлкө экономикасын андан бетер алсыратты. Ашыкча, күтүлбөгөн чыгымдар жаралды. Айлык акы, пенсия, жөлөк пулдарды өз убагында төлөп берүү да мамлекет үчүн оорчулук жарата турган кырдаал келип жетти.


Мындай убакта өкмөттүн курамы жана анын башына келе турган адамдын караңгыдан жол таба билген кадамдары керек. Жалпы кыргызстандыктардын алдында ант берген соң Садыр Жапаров өкмөт башчыны тандоодо жаңылбашы маанилүү. Коомчулукта азыр бул кызмат ордуна бир нече талапкерлерди туура көрүп турат.


Мисалы, президенттик шайлоодо эч ким күтпөгөн жерден үчүнчү болуп келген Бабур Төлбаевди премьер-министр катары көргүсү келгендер бар. Ал өзүн шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыкты деңгээлде көрсөтө алды. Мыкты программасы бар экенин коомчулук билди. Анан да анын чечкиндүү кадамдарды, реформаларды жасай ала турганына ишеним пайда болду.


Ошол эле талапкерлердин ичинен Аймен Касеновдун да билимдүү, жетик кадр экени билинди. Ал ар кандай интригалардан алыс болуп, популизмге жакын жолобой иш жасай тургандай таасир жаратты.


Азыркы тапта УКМК төрагалыгын аркалап жаткан Камчыбек Ташиев да ар кандай ишке билек түрүнө киришкен чечкиндүүлүгүн бул жолу да далилдеп келатат. Атайын кызматтын жетекчиси катары кыска убакыт аралагында ал элдин ишенимин жарата алды. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзө турганына коомчулук ынанып турат. Ал өзүнүн тажрыйбасы менен өкмөттү татыктуу жетектеп кете аларына да ишеним бар.


Садыр Жапаров өзү да президенттик жарышта чогуу ат салышкан талапкерлер менен кызматташууга даяр экенин билдирген. Шайлоо алдындагы атаандаштык, ар кандай айтылган сын-пикирлер өлкө кызыкчылыгына келгенде унутулушу керек. Баарыбыздын мамлекетибиз бирөө гана – Кыргызстан. Аны өнүктүрүү, эл аралык коомчулук кадырлап-сыйлап тура турган күчтүү мамлекетке айландыруу баарыбыздын биримдигибизден көз каранды. Андыктан өкмөт башчылык кызматка татыктуу кадр келиши керек. Эң башкысы мурда ушул кызматты аркалап, жөн гана пиар менен алектенгендерди кайра кайтарып келүүнүн зарылчылыгы жок.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Алия
Мелис Мырзакматов татыктуу!!
Чыныбек
Мелис Мырзакматов
Казыбек уулу Мурзажан
Мелис Мырзахматов
Айбек
Талант Мамытов татыктук