Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров өз командасын тазалай баштадыбы?

28.12.2020 15:40
1506
Садыр Жапаров өз командасын тазалай баштадыбы?


Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин анын активдүү колдоочулары болгон Төрөхан Жунусбеков жана Мелис Аспековдун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызданды.


Арыздын соцтармактарга тарап кеткен көчүрмөсүндө Жунусбеков менен Аспеков Садыр Жапаровдун шайлоо штабында иштебей турганы айтылат. Ошондой эле мындай арыз укук коргоо органдарына да жиберилгени ачыкка чыкты.  


“Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспеков Садыр Жапаровго расмий жана юридикалык жактан да тиешеси жок. Аларды үгүт материалдарын колдонуп, сөз сүйлөөгө эч ким милдеттендирген эмес. Алар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен президенттикке талапкер Садыр Жапаров жөнүндө коомдо терс пикир жаратып, ошону менен шайлоо өнөктүгүнө тоскоол болуп жатышат”, - деп айтылат аталган кайрылууда.


Жунусбеков менен Аспеков С.Жапаровдун активдүү колдоочулары болгону менен акыркы кездери аларга карата сындар коомчулукта көп айтыла баштаган. Жунусбековдун “Мегакомдун” жетекчисине кеңешчи болгону тескери реакцияны пайда кылса, Аспековду ар кандай айыптоолорду айткандар да жок эмес. Анын өзүнчө штабда белгилүү адамдарды кабыл алып жатканы да талкуу жараткан эле.


Эми жогоруда аты аталган жигиттердин үстүнөн иликтөө башталды. Муну 24.kg маалымат агенттиги ИИМдеги жеке булактарына таянуу менен билдирди. Демек, Аспеков менен Жунусбаев туура эмес иш жасаса жооп берет. Муну С.Жапаров өз командасын тазалап жатат деп түшүнсө болобу?


Канатбек Аскаров


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн