Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров өзүнүн аппараты менен жолукту

01.02.2021 14:48
1345
Садыр Жапаров өзүнүн аппараты менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда, өзүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, жакынкы келечекке болгон негизги артыкчылыктуу багыттарды аныктады. Бул тууралуу Жапаровдун маалымат кызматынан кабарлады. 


Садыр Жапаров белгилегендей, бүгүнкү күндө эки негизги маанилүү маселеге — мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга жана бюрократиялык жана башка административдик жол-жоболорду төмөндөтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Президент Аппараттын конкреттүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн алдына коюлган бардык милдеттер өз маалында жана натыйжалуу аткарылышы керектигин өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысы алдыда мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу иши турганын, анын алкагында ашыкча жана бири-бирин кайталаган органдар оптимизацияланып, кадрларды тандоо алардын кесиптик чеберчилигинин негизинде гана жүргүзүлөрүн эске салды. Президент Садыр Жапаров тууганчылык, досчулук жана башка байланыштарга карабастан, мыйзамды бузган, айрыкча коррупциялык иштерге аралашкан ким гана болбосун мыйзам чегинде жоопко тартыларын дагы бир жолу баса белгиледи. Буга байланыштуу Мамлекет башчысы Президенттик Аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен өз багыттары боюнча ачык-айкын жана натыйжалуу иш алып барууну талап кылды”, - деп айтылат аталган билдирүүдө.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Мурунку еле тааныш айтылчу создор.деди анан деди деген