Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:31
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров парламенттик шайлоону жылдыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду

23.10.2020 09:07
479
Садыр Жапаров парламенттик шайлоону жылдыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, мыйзам 2020-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынды. Бул конституциялык мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы бир катар жагдайлар, ошондой эле өлкөдөгү түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал менен шартталган.

Кабыл алынган мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган, аларда  конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп каралган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн