Бугу 13, 2024
Убакыт: 13:40
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаров "Бир Планета Саммитине" катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти

09.11.2023 16:43
272
Садыр Жапаров "Бир Планета Саммитине" катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти


Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэль Макрондун чакыруусу менен 9-11-ноябрда Париж тынчтык форумунун алкагындагы "Бир Планета Саммитине" катышуу үчүн Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэль Макрон, ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) башкы катчысы Матиас Корман, Франциянын энергетика тармагындагы "Électricité de France" жана "Total" компанияларынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылууда", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн