Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров: "Добуш бербейм", "Кворум түзбөйбүз" деген депутаттарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды

17.11.2022 11:05
257
Садыр Жапаров: "Добуш бербейм", "Кворум түзбөйбүз" деген депутаттарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды

Бүгүн, 17-ноябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын чек ара маселесин чечүүдө бийликтин чечимдерин колдоого чакырды.


Ал парламенттин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу сөз сүйлөп жатып, кыргыз-өзбек чек арасын азыр чечпесе, кийин бир сотых жер үчүн кан төгүүлөр болушу мүмкүн экенин айтты.


Депутаттарды мамлекеттин тагдырын чечүүчү келишимдерди ратификациялоодо популисттик кадамдардан алыс болууга чакырды.


«Мамлекеттин тагдырын чечүүгө келгенде жоопкерчиликтүү мамиле кылсаңыздар. Албетте, баарыңарды айтуудан алысмын, бирин-экин депутат «добуш бербейм, менин кадрымды кызматка албай жатат» деген сөздөрдү айткандар бар. Мен же өкмөт жеке маселебиз менен келсек, мейли колдобогула. Бирок бул маселе мамлекеттин түбөлүк бүтүндүгү, коопсуздугу үчүн кабыл алынып жатат. Жеке таарыныч менен мамиле кылган туура эмес. Чек араны чечүүнү кийинкиге жылдырып турууну айткандар да болуп жатат. Жок, андай болбойт. Бүгүн чечпесек, кийин мындай ийгиликтүү жеңишке жете да албай калышыбыз мүмкүн. Жерлер тарып баратат, коңшулардын саны өсүүдө. Кийикиге калтырсак, 19 миң гектар жер эмес, бир сотых жер үчүн кан төгүлөт. Буга чейин деле канча аскер, жөнөкөй жарандар чек ара чырынан өлүп кетишти» , — деди президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн